1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

41

МЕКТЕП ЖАНА УНИВЕРСИТЕТ ИНТЕГРАЦИЯСЫ: ОКУУЧУЛАР ҮЧҮН ЖАҢЫ ГОРИЗОНТТОР АЧЫЛДЫ

2026-жылдын 12-мартында Манас шаарындагы №18 «Манас-1000» жалпы билим берүү орто мектебинде окуучулардын профессионалдык багытын аныктоо жана инсандык өсүшүнө дем берүү максатында «Өз келечегиңди азыр кур» аттуу мотивациялык семинар болуп өттү. Бул иш-чара “Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы менен базалык мектептин ортосундагы түзүлгөн өз ара кызматташуу планынын алкагында уюштурулду. Семинардын негизги максаты – бүтүрүүчүлөрдү заманбап билим берүү мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштыруу жана ийгиликке жетүү жолдорун көрсөтүү. Семинардын өзгөчөлүгү – спикерлердин ар бири өз тармагында реалдуу ийгиликтерге жетишкен студенттер болгондугунда. Алар окуучуларга төмөнкү багыттарда терең маалымат жана дем беришти: Студенттик стартап долбоордун лидери жана бизнес-идеяларды ишке ашыруучу А.Арзибекова жаштар үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр боюнча кеңири токтолду. Ал университеттин бизнес-инкубаторлору идеяны кантип реалдуу бизнеске айлантууга көмөктөшөрүн өзүнүн мисалында көрсөтүп берди. Президенттик стипендиянын ээлери А. Тамчиева жана К. Асанбай кызы бул жогорку сыйлыкка жетүүнүн сырлары, предметтик олимпиадаларга даярдануунун стратегиялары жана окуудагы темирдей тартиптин маанилүүлүгү тууралуу тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Алардын ийгилиги окуучуларга билим аркылуу эң бийик чокуларды багындырууга болорун далилдеди. Германияда ийгиликтүү иштеп жана тажрыйба топтоп кайткан спикерлер чет тилдерин өздөштүрүүнүн артыкчылыктарына токтолушту. Алар дүйнөлүк деңгээлдеги билим берүү жана эмгек рыногунда атаандаштыкка туруштук берүү үчүн зарыл болгон көндүмдөр боюнча баалуу кеңештерин айтышты. Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар менен активдүү диалог түзүлүп, алар ийгиликтин формуласы, инсандык өзгөрүү жана айлана-чөйрөнүн таасири тууралуу өз ойлорун ортого салышты. Катышуучулар үчүн бул жөн гана маалымат берүү эмес, өз максаттарын кайрадан карап чыгууга түрткү берген интерактивдүү аянтча болду. Университет менен мектептин мындай тыгыз байланышы окуучуларды илимге, билимге кызыктырып, келечектеги кесибин туура тандоого чоң көмөк көрсөтөт.