1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

43

«Жумуш ордунда окутуу» форматында сабакты SMART негизинде пландаштыруу боюнча практиканттар үчүн семинар-тренинг өткөрүлдү

2026-жылдын 9-мартында Манас шаарындагы №9 Р.Санатбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде кесиптик-профилдик практиканын алкагында “Сабактын максатына жараша анын түзүлүшүн талдоо жана SMART принциптеринин негизинде сабакты пландаштыруу” темасында семинар-тренинг уюштурулду. Иш-чара “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э.Үмөтов атындагы педагогикалык институтунун “Математика жана математикалык моделдештирүү” кафедрасынын улук окутуучусу М.Ш. Маткаримова тарабынан өткөрүлдү. Иш-чарага 550200 “Физика-математикалык билим берүү” багытынын “Математика” профилинин ФМББ(М)-1-22 тайпасынын студенттери катышышты. Семинар болочок математика мугалимдеринин сабакты методикалык жактан туура пландаштыруу боюнча кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүгө багытталды. Семинардын жүрүшүндө студенттер сабактын максаты, күтүлүүчү натыйжа жана окуу тапшырмаларынын өз ара байланышын талдап, SMART принциптеринин негизинде сабакты пландаштыруунун методикалык өзгөчөлүктөрү менен таанышышты. Практикалык тапшырмалар жана кейс-талдоолор аркылуу алар сабактын структурасын түзүү жана план-конспектти методикалык талаптарга ылайык даярдоо боюнча тажрыйба алышты. Иш-чарага ошондой эле аталган мектептин математика мугалимдери катышып, мектеп практикасынын алкагында сабакты уюштуруунун заманбап ыкмалары боюнча пикир алмашуу жүргүзүлдү. Мындай иш-чаралар болочок мугалимдердин кесиптик даярдыгын чыңдоого, теориялык билимди практикалык ишмердүүлүк менен айкалыштырууга жана университет менен мектептин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө түзөт.