1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

49

СЫРТТАН ОКУУ БӨЛҮМҮНҮН МАГИСТРАНТТАРЫНЫН ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨЧҮЛҮК ПРАКТИКАСЫНЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ БОЛУП ӨТТҮ

2026-жылдын 10-мартында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Үзгүлтүксүз билим берүү институтунда 550200 “Физика-математикалык билим берүү” багытынын математика профилинин 2-курсунун магистранттары үчүн илимий-изилдөөчүлүк практиканын жыйынтыктоочу конференциясы өттү. Иш-чара “Zoom” платформасы аркылуу онлайн форматта уюштурулуп, аны практика боюнча жооптуу, Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын ага окутуучусу М.Н. Нурматова алып барды. Конференциянын жүрүшүндө магистранттар практика учурунда аткарган илимий иштери тууралуу кеңири баяндама жасашты. Негизги маалыматтарга токтолсок: • О. Маруфов: Окуучулардын эркин ой жүгүртүүсүн өстүрүү багытында мугалимдер арасында анкета жүргүзүп, эксперименталдык иштерин жыйынтыктаган. Буга чейин 2 илимий макаласы жарык көрүп, ОшМУ жана ЖАМУда өткөн конференцияларда баяндама жасаган. • Д. Ильясова: 8-класстын алгебра курсунда STEM-технологияларды колдонуу боюнча эксперимент жүргүзүп, анын жыйынтыктарын жалпылаган. Учурда экинчи макаласын басмага даярдап жатат, ал эми бир макаласы басылып чыгуу алдында турат. Ошондой эле ОшМУ жана ЖАМУдагы конференцияларга катышкан. • Б. Жуманазарова: Квадраттык теңдемелерди окутуу аркылуу окуучулардын функционалдык сабаттуулугун калыптандыруу боюнча изилдөө жүргүзүүдө. Бир макаласы басмадан чыгуу алдында, ал эми К.Ш. Токтоматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ) уюштурулган конференцияда баяндама жасаган. • Н. Рысдавлетова, Ү. Саматова, А.Кеңешбекова: Дифференциалдык теңдемелердин актуалдуу маселелери боюнча жүргүзүп жаткан илимий иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат беришти. • А. Каримова жана Н. Багышбекова: Илимий макалалары басмага берилгендиги жана жарыялануу алдында тургандыгы боюнча билдиришти. Башка катышуучулар да өздөрүнүн илимий изилдөөлөрүнүн этаптары жана алдыдагы пландары менен бөлүшүштү. Конференция магистранттардын илимий потенциалын ачууга жана алардын изилдөө иштеринин натыйжалуулугун баалоого багытталган маанилүү аянтча катары кызмат кылды. Практиканын жыйынтыктары магистранттардын илимий макалаларды жазуу жана эксперименталдык иштерди жүргүзүү боюнча көндүмдөрү калыптанып жаткандыгын көрсөттү.