1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

43

САПАТ КЕҢЕШИ КЕЗЕКТЕГИ ИШИН ЖҮРГҮЗДҮ

2026-жылдын 5-мартында саат 14:00дө «Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети» илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун 308-аудиториясында Сапат кеңеши тарабынан «Практиканын жумушчу программасынын сапаттык конструктору» аттуу мастер-класс өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты: 1) Практиканын жумушчу программасын түзүүнүн алгоритмдерин өздөштүрүү; 2) Тиешелүү багыттар боюнча программанын мазмундук блокторун логикалык ырааттуулукта кураштыруу көндүмдөрүн иш жүзүндө көрсөтүү. Мастер-класска институттун практика боюнча жооптуу адистери катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө төмөнкүдөй актуалдуу маселелер талкууланды: - Практика учурунда студенттер үчүн тапшырмаларды иштеп чыгуу; - Жумуш ордунда окутуу пландарын түзүү методикасы; - Кесиптик компетенцияларды калыптандыруунун жолдору. Өзгөчө көңүл кесиптик-базалык практика учурунда студенттердин кесиптик көндүмдөрүн натыйжалуу калыптандырууга жана программанын сапатын жогорулатууга бурулду. Катышуучулар практикалык иштердин алкагында өздөрүнүн багыттары боюнча жумушчу программаларын иштеп чыгуунун үстүндө активдүү иштешти.