1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

74

Сабакты методикалык талдоо: практикант студенттин байкоо көндүмдөрү

2025-жылдын 2-март күнү Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин  Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунда 550200 «Физика-математикалык билим берүү» багытынын «Математика» профилинин ФМББ(М)-1-23 тайпасынын студенттери үчүн кесиптик-базалык практиканын алкагында жумуш ордунда окутуу уюштурулуп, «Сабакты методикалык талдоо: практикант студенттин байкоо көндүмдөрү» аттуу семинар өткөрүлдү. Семинардын максаты — болочок математика мугалимдеринин сабакты методикалык жактан талдоо жана педагогикалык кырдаалды баалоо жөндөмдөрүн өнүктүрүү болду. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер сабактын максатын аныктоо, анын структурасын жана колдонулган окутуу методдорун талдоо, ошондой эле окуучулардын сабактагы активдүүлүгүн педагогикалык критерийлер боюнча баалоо ыкмалары менен таанышышты. Практикалык бөлүктө кейс-метод колдонулуп, математика сабагынын үлгүсү талданды. Студенттер сабактын күчтүү жана алсыз жактарын аныктап, аны жакшыртуу боюнча методикалык сунуштарды иштеп чыгышты. Аталган семинар Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын улук окутуучусу Маткаримова Минавар Шарабидиновна тарабынан уюштурулуп өткөрүлдү. Мындай методикалык иш-чаралар болочок мугалимдердин кесиптик даярдыгын жогорулатууга, педагогикалык практиканын натыйжалуулугун арттырууга жана билим берүү процессинде заманбап педагогикалык ыкмаларды колдонуу көндүмдөрүн калыптандырууга багытталган.