1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

41

«СТУДЕНТТИН ИЙГИЛИГИ – АТА-ЭНЕ МЕНЕН ЖОЖДУН КЫЗМАТТАШТЫГЫНДА» ТЕМАСЫНДА ОНЛАЙН ФОРМАТЫНДА ЖЫЙНАЛЫШ УЮШТУРУЛДУ

2026-жылдын 6-мартында Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын ФМББ(М)-1-23 тайпасы үчүн түзүлгөн куратордук иш планына ылайык, онлайн форматында тайпа куратору Эрматали уулу Баяман тарабынан ата-энелер жыйналышы өткөрүлдү. Жыйналыштын негизги максаты – студенттин академиялык ийгилигине ата-энелер жана кафедра биргеликте салым кошо алышы үчүн байланыштарды бекемдөө, билим берүү процессин жана тарбиялык иштерди мындан ары да сапаттуу уюштуруу болду. Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар кафедранын тарыхы, миссиясы жана стратегиялык өнүгүү планы менен таанышып, профессордук-окутуучулук курам, алардын илимий жетишкендиктери жөнүндө маалымат алышты. Ошондой эле кафедранын материалдык-техникалык базасы, лабораториялык жана IT ресурстары, даярдалып жаткан адистиктер жана илимий багыттар, студенттерге сунушталган ийримдер жана факультативдик иш-чаралар тууралуу кенен баяндалды.Жыйындын башкы маанилүү бөлүгү тайпалардагы окуу процесси, окуу төлөмдөрү, дисциплина, катышуу жана студенттердин жетишкендиктерине арналды. Студенттердин билим алуудагы артыкчылыктарын жана кыйынчылыктары талкууланып, AVN билим берүү порталы аркылуу студенттердин жетишүүсүн мониторинг кылуунун жолдору көрсөтүлдү.Ата-энелер окуу жайдын жетекчилигине, окутуучуларга терең ыраазычылыктарын билдирип, мындан ары да кафедра менен тыгыз кызматташууга даяр экенин айтышты. Алар, ошондой эле, студенттердин окуу процесси, ийримдерге катышуусу жана коомдук активдүүлүгү боюнча пикирлерин жана сунуштарын беришти.Жыйындын жыйынтыгында кафедра ата-энелердин сунуштарын жана пикирлерин эске алуу менен келечекте студенттердин билим алуусун, тарбиясын жана социалдык активдүүлүгүн жогорулатууга багытталган иш-чараларды пландаштырууну чечти. Мындан тышкары, ата-энелер менен кафедранын үзгүлтүксүз кайтарым байланыш механизмдерин түзүү жана студенттердин катышуу жана жетишкендиктерин биргеликте талдоо максатында мындан ары да жолугушууларды уюштуруу белгиленди.