1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

43

КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАНЫН АЛКАГЫНДА ЖУМУШ ОРУНДА ОКУТУУ ИШКЕ АШЫРЫЛДЫ

2026-жылдын 5-мартында “Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун академиялык календарына ылайык, 550200 «Физика-математикалык билим берүү» багытынын (математика профили) ФМББ(М)-1-22 тайпасынын студенттери үчүн кезектеги окуу иш-чарасы уюштурулду. Аталган тайпа учурда (2.02–14.03 аралыгында) кесиптик-профилдик практикасын өтөп жатышат. Кесиптик-профилдик практиканын (8-семестрдин) жумушчу программасына ылайык, практиканын мазмунунда 48 саат «жумуш ордунда окутуу» каралган. Пландын негизинде  “Текшерүүчү эксперименттин программасын түзүү жана ишке ашыруу, эксперименттин жыйынтыгын талдоо, статистикалык эсеп жүргүзүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө көрсөтмө берүү” темасында жумуш ордунда окутуу математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын профессору К.С.Алыбаев тарабынан жүргүзүлдү. Жумуш ордунда окутуу төмөнкү маселелерге арналды: изилдөө ишинин темасына ылайык эксперименттин максатын, милдеттерин жана илимий гипотезасын (болжолун) тактоо; окуучулардын баштапкы деңгээлин аныктоо үчүн текшерүү иштеринин тапшырмаларын же суроо-жооптордун топтомун түзүү; эксперимент өткөрүлө турган класстарды (эксперименталдык жана контролдук топторду) аныктоо; иштелип чыккан диагностикалык куралдарды колдонуу менен окуучулардан тест алуу же байкоо жүргүзүү.  Экспериментти жүргүзүү этаптарын жана кадамдарын сактоо боюнча таблица түзүү.  Жумуш ордунда окутуунун соңунда, практиканттарга бул багыттагы темаларды өз алдынча терең изилдөө, эксперименттик иштерди жүргүзүү жана алынган жыйынтыктарды (интерпретациялоо) туура чечмелөө тапшырмасы берилди.