1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

39

“АСИМПТОТИКАЛЫК, КОМПЬЮТЕРДИК, ТОПОЛОГИЯЛЫК МЕТОДДОР ЖАНА МАТЕМАТИКАНЫ ОКУТУУНУН ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ” ЛАБОРАТОРИЯСЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ СЕМИНАРЫ

 Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин «Фундаменталдык, колдонмо изилдөөлөр жана инновациялык технологиялар илим-изилдөө институтунун» алкагында кезектеги илимий талкуу уюштурулду. Семинар «Асимптотикалык, компьютердик, топологиялык методдор жана математиканы окутуунун технологиялары» лабораториясынын базасында өткөрүлүп, ага лаборатория жетекчиси жана мүчөлөрү катышты. Илимий жыйында аспирант, лабораториянын мүчөсү Эрматали уулу Баяман төмөнкү темада баяндама жасады: «Логарифмалык полюстарга жана нөлдөргө ээ болгон сингулярдык козголгон теңдемелер жана чечимдин кечигиши» баяндамачы өз сөзүндө төмөнкү маанилүү аспектилерге токтолду:

 Изилдөө объектиси: Сингулярдык козголгон теңдемелердин өзгөчөлүктөрү;

  Маселенин коюлушу. Баяндамадан кийин теманын актуалдуулугу жана математикалык методдорду колдонуу боюнча кызуу талкуу жүрдү. Лаборатория башчысы, физика-математика илимдеринин доктору, профессор К. С. Алыбаев  Эрматали уулу Баямандын  баяндамасындагы өзгөчө көңүл бура турган учурларды белгилеп, изилдөө иши боюнча баалуу сунуштарын берди.