1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

57

БОЛОЧОК МАТЕМАТИКТЕР МЕКТЕПТЕГИ САБАКТЫН МОДЕЛИН СИМУЛЯЦИЯЛЫК ФОРМАТТА КӨРСӨТҮШТҮ

“Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э. Уметов атындагы Педагогикалык институтунда «жумуш ордунда окутуу» концепциясынын алкагында студенттердин кесиптик чеберчилигин арттыруу багытындагы иштер жигердүү улантылууда. 2026-жылдын 4-мартында «Математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасынын улук окутуучусу, ф.-м.и.к. М.Н. Нурматованын жетекчилиги астында ФМББ(М)-1-24 тайпасынын студенттери үчүн кезектеги симуляциялык практикалык сабактар өткөрүлдү.

Бул форматтын негизги артыкчылыгы – студенттердин мектеп босогосун аттаганга чейин эле сабакты өз алдынча пландоо, аудиторияны башкаруу жана педагогикалык рефлексия жүргүзүү көндүмдөрүн калыптандыруу болуп саналат.

Практикалык ишмердүүлүктүн жүрүшү:

  • Исабаева Айбийке («Квадраттык функциялар» темасы): Сабак математикалык теорияны турмуштук кырдаалдар менен айкалыштыруу аркылуу башталды. Плитканын аянтын эсептөөдөн башталган талкуу топтук ишмердүүлүккө өтүп, студенттер «гүл бакча», «автомобилдин жолу» жана «баскетболчунун тобу» сыяктуу турмуштук маселелердин математикалык моделдерин түзүштү. Айбийке убакытты так көзөмөлдөп, презентацияларды угуу менен бирге өзүнүн методикалык түшүндүрмөсүн чеберчилик менен баяндап берди. Сабактын жыйынтыктоочу этабында Plickers тиркемеси аркылуу ыкчам баалоо жүргүзүп, окуучулардын билим деңгээлиндеги боштуктарды заматта аныктоого жетишти.
  • Өскөнбаева Эльнура («Квадраттык теңдемелер» темасы): Эльнура сабактын башында окуучулардын мотивациясын арттыруу үчүн оюн технологияларын жана стимул берүүчү ыкмаларды колдонду. Топторго бөлүү жана үй тапшырмасын текшерүү этаптары көрсөтмөлүүлүк менен коштолду. Теманы бекемдөө максатында «Ким тез?» оюну уюштурулуп, анда ар бир топ квадраттык теңдеменин параметрлерин аныктоо боюнча өзгөчө тапшырмаларды аткарышты: бир топ функциянын чокусун тапса, экинчиси багытын, үчүнчүсү теңдеменин тамырын, ал эми төртүнчүсү симметрия огун аныктоо менен алек болушту.

Рефлексия жана жыйынтык: Сабактын соңунда студенттер өз ишмердүүлүгүнө терең анализ берип, бири-бирине стикерлер аркылуу «2 жылдыз жана 1 каалоо» ыкмасы менен конструктивдүү сунуштарын билдиришти. Бул процесс студенттерге өз сезимдерин бөлүшүүгө жана педагогикалык каталарды биргелешип талкуулоого шарт түздү.

Улук окутуучу М.Н. Нурматова мындай практикалык иш-аракеттер аркылуу студенттердин кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүдөгү прогрессти көзөмөлдөө менен бирге, алардын заманбап мектеп талаптарына жооп берген квалификациялуу адис катары калыптанышына багыт берүүдө.