1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

51

КЕСИПТИК-БАЗАЛЫК ПРАКТИКА УЧУРУНДАГЫ ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУ: ОКУУ КИТЕПТЕРИН ТАЛДОО

2026-жылдын 2-февралынан 7-мартына чейин “Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э. Уметов атындагы Педагогикалык институтунун ФМББ(М)-1-23 тайпасынын студенттери кесиптик-базалык практикасын өтүшүүдө.

Практиканын жумушчу программасына жана жумуш ордунда окутуу (ЖОО) планына ылайык, «Окуу китептеринин жана колдонмолордун маанисин, түзүмүн, мазмунун талдоо» темасында методикалык иш-чара өткөрүлдү. Кафедранын улук окутуучусу, ф.-м.и.к. М.Н. Нурматова практиканттарга «жол картасындагы» окуу китептери менен иштөө  тапшырмасын аткаруу максатында, ПИнин №408-аудиториясында таблица толтуруу жана талдоо жүргүзүү иштерин уюштурду.

Төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлгөн комплекстүү талдоолордун негизинде, студенттер окуу китептери менен иштөөнүн методикалык негиздерин өздөштүрүшүп, алган билимдерин атайын аналитикалык таблицаларды толтурууга түшүндүрмө алышты:

-          Окуу китебинин (тиешелүү класстын) методикалык түзүлүшүн түшүнүү.

-          Теманын мазмунунун илимийлүүлүгүн жана ырааттуулугун талдоо.

-          Көнүгүүлөр жана маселелер системасын классификациялоо.

-          Кошумча колдонмолорду жана окуу китебине көмөкчү болгон ресурстарды колдонууну үйрөнүү.

-          Окуу китебиндеги иллюстрациялардын жана көрсөтмө куралдардын ролун баалоо.

-          Окуу куралдарына сын көз караш менен мамиле кылуу.

Иш-чаранын жүрүшүндө учурда мектептерде колдонулуп жаткан окуу китептеринин спецификалык өзгөчөлүктөрү боюнча кызуу талкуу жүрдү. Практиканттар окуу колдонмолору менен иш жүргүзүүдө кездешкен кыйынчылыктары менен бөлүшүп, суроолоруна жооп алышты. Баарлашуу жандуу өтүп, студенттердин кесиптик көндүмдөрүн калыптандырууга чоң шарт түзүлдү.