1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

32

МАГИСТРАНТТАРДЫН ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨЧҮЛҮК ПРАКТИКАСЫ: МЕТОДОЛОГИЯЛЫК АППАРАТТЫ ТАКТОО ЖАНА ЭКСПЕРИМЕНТКЕ ДАЯРДЫК

2026-жылдын 23-февралынан 20-мартына чейин “Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Үзгүлтүксүз билим берүү институтунун Ммс-1-25 тайпасынын магистранттары үчүн илимий-изилдөөчүлүк практикасынын (2-семестр, 1-этап) алгачкы баскычы өтүүдө.

Аталган практиканын алкагында «Математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасынын улук окутуучусу, ф.-м.и.к. М.Н. Нурматова илимий жетекчи катары магистранттар Н. Толошова жана Г. Жаныбек кызынын илимий-изилдөө иштеринин илимий-теориялык негиздерин бекемдөө боюнча төмөнкүдөй багыттарды берди:

-         Изилдөөнүн объектисин, предметин жана илимий гипотезасын так аныктоо боюнча жекече консультациялар өткөрүлдү.

-         Тандалган илимий көйгөйгө шайкеш келген методологияны жана изилдөө методдорун (теориялык, эмпирикалык) туура тандап алуу жолдору көрсөтүлдү.

Бул баштапкы кадамдар магистранттарга диссертациялык изилдөөсүнүн концепциясын туура түзүүгө жана кийинки эксперименталдык баскычка даярданууга шарт түзөт.