1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

38

 ДУАЛДЫК ОКУТУУ ИШКЕ АШЫРЫЛУУДА

Дуалдык окутууну ишке ашыруу максатында “Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү комплексинин Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун «Математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасынын 550200 – Физика-математикалык билим берүү багытынын математика профилинин студенттери үчүн базалык мектептерде кесиптик-профилдик практика мезгилинде жигердүү жүргүзүлүүдө.Практиканын жүрүшүндө студенттер окуу-тарбия процессинин бардык баскычтарына активдүү катышып, сабактын кыска жана кеңейтилген план-конспекттерин түзүп, максаттарын так аныктоо жана баалоо критерийлери боюнча тажрыйба топтошууда. Алар заманбап педагогикалык технологияларды, интерактивдүү усулдарды жана санариптик ресурстарды колдонуу менен сабактарды өткөрүп, окуучулардын предметке болгон кызыгуусун арттырууга аракеттенишүүдө. Мындан тышкары, класстан тышкаркы иш-чараларды уюштурууга, олимпиадалык тапшырмаларды талдоого жана предметтик бурчтарды жасалгалоого да катышууда.Насаатчы мугалимдер менен тыгыз кызматташтыкта студенттер окуучулардын билим деңгээлин диагностикалоо, формативдик жана суммативдик баалоону жүргүзүү, жазуу иштерин текшерүү жана анализдөө иштерине аралашууда. Бул процесс аларга окутуунун теориялык негиздерин мектеп практикасы менен айкалыштырып, педагогикалык рефлексия жүргүзүүгө шарт түзүүдө.Кесиптик-профилдик практика мезгилинде Манас шаарындагы №19 Иш.Сатыбаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде практикант Тагайбекова Асылай  6-а класска «Рационалдык сандарды кемитүү» темасында сабак өттү. Сабактын негизги максаты – рационалдык сандарды кемитүүнүн эрежелерин өздөштүртүү менен бирге, терс жана оң сандар менен амал аткарууда логикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү болду.Сабакта сан огу аркылуу визуалдык түшүндүрүү, мисалдарды салыштыруу жана талдоо, жуптук жана топтук иш формалары колдонулду. Окуучулар практикалык тапшырмаларды аткаруу менен өз алдынча жыйынтык чыгарууга багыт алышты. Сабактын соңунда рефлексия жүргүзүлүп, окуучулар өз билимдерин баалап, негизги эрежелерди жыйынтыкташты.Методикалык талдоонун жыйынтыгында сабактын мазмуну окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө ылайык түзүлгөнү, тапшырмалардын ырааттуулугу сакталгандыгы жана окутуунун активдүү формалары натыйжалуу колдонулгандыгы белгиленди. Мындай практика студенттердин кесиптик компетенттүүлүгүн бекемдеп, болочок мугалим катары калыптанышына шарт түзүүдө.