1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

40

 КЕСИПТИК-БАЗАЛЫК ПРАКТИКАДА ДУАЛДЫК ОКУТУУ ИШКЕ АШЫРЫЛДЫ

Дуалдык окутууну ишке ашыруу максатында “Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү комплексинин Э. Уметов атындагы Педагогикалык институтунун «Математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасынын 550200 – Физика-математикалык билим берүү багытынын математика профилинин студенттери үчүн базалык мектептерде кесиптик-базалык практика өтүүдө. Практиканын жүрүшүндө студенттер өз алдынча сабактарды пландаштырып жана өткөрүү менен катар мектептин билим берүү процессине активдүү интеграцияланышууда. Алар мектептеги насаатчы мугалимдер менен биргеликте окуучулардын жазуу иштерин талдоого жана текшерүүгө катышып, кошумча дидактикалык материалдарды жана көрсөтмө куралдарды даярдоого салым кошушууда. Мындай иш-аракеттер теориялык билимди практикалык көндүмдөр менен айкалыштырууга шарт түзүүдө. №19 И.Сатыбаев атындагы орто мектебинде Уларбек кызы Айпери «Кесиндинин узундугу. Эки чекиттин арасындагы аралык» темасы боюнча сабак өттү. Сабакты уюштурууда визуалдык моделдөө ыкмасына өзгөчө көңүл бурулуп, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, платформалар жана  практикалык мисалдар аркылуу этап-этабы менен түшүндүрүлдү. Окуу материалы логикалык ырааттуулукта пландаштырылып, тема боюнча теориялык негиздер менен бирге практикалык тапшырмалар аркылуу бекемделди. Мындай ыкма окуучулардын мейкиндиктик ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жана теманы аң-сезимдүү өздөштүрүүгө шарт түзгөнү методикалык талдоодо белгиленди.