1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

35

СТУДЕНТТЕРДИН КЕСИПТИК-БАЗАЛЫК ПРАКТИКАСЫНА МЕТОДИКАЛЫК КОЛДОО КӨРСӨТҮЛДҮ

2026-жылдын 2-февралынан 7-мартына чейин Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э. Уметов атындагы Педагогикалык институтунун студенттери үчүн кесиптик-базалык практика жүрүүдө. Аталган иш-чаранын алкагында «Математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасынын профессору, ф.-м.и.д. К.С. Алыбаев жана улук окутуучу, ф.-м.и.к. М.Н. Нурматова ЖАМУнун Инновациялык мектебинде практика өтөп жаткан ФМББ(М)-1-23 тайпасынын студенттери Г. Абдыгапарова жана Н. Абдуллаеванын сабактарына катышышты. Жетекчилер студенттердин сабак иштемелерин (пландарын) кылдат карап чыгып, өтүлгөн бышыктоо сабактарына терең педагогикалык анализ беришти. Мектептеги окуучулардын санынын аздыгы студенттерге ар бир бала менен жекече иштөөгө жана теманы терең өздөштүрүүгө шарт түзөрү белгиленди. Мектеп тараптан дайындалган насаатчы А. Кеңешбекованын практиканттарга үзгүлтүксүз көмөк көрсөтүп, класс менен иштөө көндүмдөрүн калыптандыруудагы салымы жогору бааланды. Инновациялык мектепте заманбап техникалык каражаттардын жеткиликтүүлүгү сабактардын сапаттуу жана кызыктуу өтүшүнө өбөлгө түзүп жаткандыгы айтылды. Жыйынтыгында, студенттердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу максатында тиешелүү методикалык кеңештер берилип, практиканын жүрүшү ийгиликтүү деп табылды. Мындай иш-чаралар келечектеги мугалимдердин педагогикалык чеберчилигин арттырууда чоң мааниге ээ.