1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

47

КЕЛЕЧЕКТЕГИ МАТЕМАТИКА МУГАЛИМДЕРИНИН КЕСИПТИК КОМПЕТЕНЦИЯЛАРЫН КАЛЫПТАНДЫРУУГА БАГЫТТАЛГАН СИМУЛЯЦИЯЛЫК САБАКТАР ӨТҮҮДӨ

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э. Уметов атындагы Педагогикалык институтунда студенттерди жумуш ордунда окутуу жана кесиптик компетенцияларын өнүктүрүү иштери жигердүү улантылууда. «Математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасынын улук окутуучусу, ф.-м.и.к. М.Н. Нурматованын жетекчилиги астында «Математиканы окутуунун методикасы» дисциплинасынын алкагында ФМББ(М)-1-24 тайпасынын студенттери үчүн өзгөчө форматтагы практикалык сабактар уюштурулуп келет. Бул сабактардын башкы максаты – студенттерди мектеп босогосун аттаганга чейин эле сабакты өз алдынча пландоого, аудитория менен иштөөгө жана педагогикалык рефлексия жүргүзүүгө көнүктүрүү. 2026-жылдын 25-февралында өткөн кезектеги сабактарда студенттер өздөрүн чыныгы мугалим катары сынап көрүштү. Кочкорова Тахмина “Сызыктуу функциялар” темасын дүйнөлүк билим берүүдө таанылган 5E моделине негиздеп өттү. Ал сабакта LearningApps тиркемесин колдонуп, интерактивдүү тапшырмаларды түздү. Сабактын кызыктыруу этабында теорияны турмуштук мисалдар менен айкалыштырып, студенттердин логикалык ой жүгүртүүсүн жандандыра алды. Абжалилова Зарифа “Сызыктуу барабарсыздыктарды окутуу” темасында сабак өтүп, 5E моделинин бардык этаптарын ырааттуулук менен ишке ашырды. Топтук иштерди уюштуруудагы талкуулар жана ар түрдүү көз караштардын кагылышуусу келечектеги мугалимдин педагогикалык ишенимин бекемдөөгө жардам берди. Убакытты туура бөлүштүрүүнүн натыйжасында, студенттер жумушчу дептердеги кошумча тапшырмаларды да аткарууга жетишти. Сабактын соңунда заманбап баалоо техникаларына өзгөчө көңүл бурулду. Студенттер өз ишмердүүлүгүнө анализ берип, сабак өткөн 2 студентке «2 жылдыз жана 1 каалоо» ыкмасы менен конструктивдүү сунуштарын беришти. Мындай практикалык сабактар студенттердин кесиптик чеберчилигин калыптандырып, алардын заманбап мектептин талаптарына жооп берген жогорку квалификациялуу адис болуп жетишүүсүнө жол ачат.