1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

40

ДУАЛДЫК ОКУТУУНУН АЛКАГЫНДАГЫ КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКА

Дуалдык окутууну ишке ашыруу максатында “Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү комплексинин Э. Уметов атындагы Педагогикалык институтунун «Математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасынын 550200 – Физика-математикалык билим берүү багытынын математика профилинин студенттери базалык мектептерде кесиптик-профилдик практика өтүүдө. Практиканын жүрүшүндө студенттер өз алдынча сабактарды пландаштырып жана өткөрүү менен катар мектептин билим берүү процессине активдүү интеграцияланышууда. Алар насаатчы мугалимдер менен биргеликте окуучулардын жазуу иштерин талдоого катышып, дептерлерди текшерүүгө көмөк көрсөтүп, кошумча дидактикалык материалдарды жана көрсөтмө куралдарды даярдоого салым кошушууда. Мындай иш-аракеттер теориялык билимди практикалык көндүмдөр менен айкалыштырууга жана кесиптик жоопкерчиликти калыптандырууга шарт түзүүдө. №9 Р.Санатбаев атындагы орто мектебинде Байболотова Айзат «Октук жана айлануу симметриясы» темасы боюнча сабак өткөрдү. Сабакты уюштурууда визуалдык моделдөө ыкмасына өзгөчө көңүл бурулуп, геометриялык фигуралардын касиеттери чиймелер, схемалар жана практикалык мисалдар аркылуу этап-этабы менен түшүндүрүлдү. Окуу материалы логикалык ырааттуулукта пландаштырылып, симметрия түшүнүгү теориялык негиздер менен катар практикалык тапшырмалар аркылуу бекемделди. Мындай ыкма окуучулардын мейкиндиктик ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жана теманы аң-сезимдүү өздөштүрүүгө шарт түзгөнү методикалык талдоодо белгиленди. Ал эми №12 Капарбек атындагы орто мектепнде Жанышева Нурпейил «Виеттин теоремасы» темасы боюнча ачык сабак өттү. Сабак стандарттуу түзүмдө уюштурулуп, окуу процессинин бардык этаптары логикалык ырааттуулукта сакталды. Түшүндүрмө-иллюстрациялык методду максатка ылайык колдонуу менен тема так жана жеткиликтүү баяндалды, формуланын мазмуну конкреттүү мисалдар аркылуу негизделди. Сабак учурунда практиканттын өзүн алып жүрүүсү, сүйлөө маданияты, сабактын темпин туура кармоосу жана окуучулар менен педагогикалык байланыш түзө билүүсү өзгөчө белгиленди. Окуу материалы так, түшүнүктүү жана системалуу түшүндүрүлүп, теориялык бөлүк практикалык тапшырмалар менен бекемделди. Натыйжада сабак методикалык жактан негизделгендиги жана окуучулардын теманы аң-сезимдүү кабыл алуусуна багытталгандыгы менен айырмаланды. Өткөрүлгөн сабактар кафедранын методисти, практика жетекчиси М. Нурматова тарабынан талданып, практиканттардын жетишкендиктери жана кесиптик өнүгүү багыттары боюнча методикалык сунуштар берилди. Жыйынтыгында дуалдык билим берүү модели болочок мугалимдердин кесиптик компетенттүүлүгүн калыптандырууда натыйжалуу формат экендиги дагы бир жолу ырасталды.