1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

54

ПЕДАГОГИКАЛЫК КАДРЛАРДЫ ДАЯРДООДОГУ МААНИЛҮҮ КАДАМ: БАЗАЛЫК МЕКТЕП МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУ ТАЛКУУЛАНДЫ

“Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун «Математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасы билим берүү менен өндүрүштү айкалыштыруу максатында Манас шаарындагы №18 «Манас-1000» жалпы билим берүүчү орто мектебин базалык мектеп катары тандоо боюнча маанилүү жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө кафедранын улук окутуучусу М.Н. Нурматова математика профили боюнча болочок адистерди даярдоонун сапатын жогорулатуу, заманбап педагогикалык ыкмаларды жайылтуу жана мектеп менен жогорку окуу жайдын ортосундагы түз байланышты чыңдоо багытындагы пландарды кеңири баяндап берди. Мектептин директору Калбекова Элнура Дооронбековна жана мектеп жамааты менен болгон талкуунун жыйынтыгында төмөнкүдөй артыкчылыктуу багыттар боюнча макулдашууларга жетишилди: • Студенттердин теориялык билимин мектеп шартында, башкача айтканда дуалдык окутууну ишке ашыруу максатында жумуш ордунда бекемдөө жана өндүрүштүк практикаларды натыйжалуу уюштуруу; • Математика кабинетин заманбап талаптарга ылайык жасалгалоо жана санариптик технологиялар менен жабдууга көмөктөшүү; • Окуучуларды Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) жана предметтик олимпиадаларга сапаттуу даярдоо боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүү; • Мектеп мугалимдери үчүн методикалык семинарларды, тренингдерди жана ачык сабактарды уюштуруу аркылуу тажрыйба алмашууну туруктуу жолго коюу. Бул кызматташтык келечекте математика мугалимдерин даярдоодо теория менен практиканын ажырымсыздыгын камсыз кылып, аймактагы билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.