1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

51

БОЛОЧОК АДИСТЕРДИН КЕСИПТИК КОМПЕТЕНЦИЯЛАРЫН ӨНҮКТҮРҮҮДӨ БАЗАЛЫК МЕКТЕПТЕРДИН РОЛУ ТАЛКУУЛАНДЫ

“Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун «Математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасында заманбап билим берүүнүн актуалдуу маселелерине арналган кеңири форматтагы илимий-методикалык талкуу болуп өттү. Жыйындын башкы максаты – болочок математика мугалимдеринин кесиптик компетенцияларын калыптандырууда ЖОЖ менен мектептин ортосундагы интеграцияны жаңы деңгээлге көтөрүү жана базалык мектептердин потенциалын натыйжалуу пайдалануу. Иш-чарага жогорку окуу жайлардын ректорлору М. Нарбаев, Т. Нарымбетов, Көк-Жаңгак шаардык билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси А. Жолоев, ошондой эле региондогу алдыңкы билим берүү мекемелеринин жетекчилери – Манас шаарынын, Сузак жана Ноокен райондорунун мектеп директорлору: М. Токтосунов, А. Сатыкулов, З. Алибаев, З. Төрөбаева, Н. Кулунбетова, Равшанбек уулу А., Т. Монокбаева жана Д. Арзиева катышты. Жыйында теориялык билимди практикалык тажрыйба менен айкалыштыруунун заманбап моделдери каралды. Катышуучулар төмөнкү маанилүү маселелерге токтолушту: • Студенттердин окуу процессинин бир бөлүгүн түздөн-түз мектеп шартында, тажрыйбалуу мугалимдердин насаатчылыгы астында өткөрүүсү, башкача айтканда дуалдык окутууну ишке ашыруусу – келечектеги адистин эмгек рыногуна тез адаптациялануусуна шарт түзөөрү белгиленди. • Иш берүүчүлөр (мектеп директорлору) адистерди даярдоо процессине жөн гана байкоочу эмес, активдүү катышуучу катары катышууга даяр экендиктерин билдиришти. Алар окуу программаларына мектептин реалдуу талаптарына ылайык сунуштарды киргизүү жана студенттердин кесиптик деңгээлин биргелешип баалоо демилгесин көтөрүштү. • Базалык мектептерде математика кабинеттерин заманбап технологиялар менен жабдуу, STEM-билим берүү элементтерин киргизүү жана окуучуларды ЖРТга, олимпиадаларга даярдоодо университеттин илимий потенциалын колдонуу маселелери талкууланды. Жыйындын катышуучулары бир ооздон белгилешкендей, базалык мектептер – бул студент үчүн жөн гана практика өтүүчү жай эмес, бул кесиптик лаборатория жана билим берүү инновацияларынын аянтчасы. Иш берүүчүлөр болочок адистерди даярдоого өздөрүнүн материалдык-техникалык жана интеллектуалдык ресурстары менен салым кошо тургандыктарын, ошондой эле бүтүрүүчүлөрдү жумуш орду менен камсыз кылууга кызыкдар экендиктерин баса белгилешти. Иш-чаранын соңунда ЖОЖ менен мектептердин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана биргелешкен методикалык иш-чараларды үзгүлтүксүз ишке ашыруу боюнча конкреттүү чечимдер кабыл алынды.