1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

43

КЕЛЕЧЕККЕ БАГЫТ: МЕКТЕП БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунда кесиптик багыт берүү иштери кызуу уланууда. «Математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасынын окутуучулар курамы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө туура жол көрсөтүү максатында аймактарды кыдырууну улантып жатышат.

2026-жылдын 25-февралында кафедранын улук окутуучусу, ф.-м.и.к. М.Н. Нурматова Базар-Коргон районуна караштуу Абдраимов айылындагы №12 «Капарбек» атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде болду. 11-класстын окуучулары менен өткөрүлгөн бул жолугушуу жөн гана маалымат берүү эмес, чыныгы мотивациялык баарлашуу иретинде өттү.

  • 550200 «Физика-математикалык билим берүү» багытынын математика профилинин коомдогу орду, заманбап билим берүүдөгү артыкчылыктары тууралуу кеңири маалымат берилди.
  • Бул багытты аяктаган адистердин жетишкендиктери мисалга келтирилип, атайын маалыматтык буклеттер таратылды.
  • Окуучулар кафедранын расмий сайты жана социалдык тармактардагы баракчаларына жазылып, окуу жайдын жашоосуна виртуалдык саякат жасашты.

Бул жолугушуунун өзгөчөлүгү – аны уюштурууга аталган мектепте практика өтүп жаткан аталган профилдин 4-курсунун студенти Жанышова Нурпейилдин көмөктөшкөндүгү болду. Учурда бул мектепте кесиптик-профилдик практикасын өтөп жаткан Нурпейилдин математика мугалими катары сабак берип жатканы окуучулар үчүн чоң шыктануу жаратты.

Иш-чаранын соңунда окуучулар өздөрүн кызыктырган суроолоруна деталдуу жооп алышып, келечектеги кесип тандоо боюнча баалуу кеңештерге ээ болушту.    

Жыйынтыктап айтканда, мындай иш-чаралар мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кесип тандоодо туура багыт берип, алардын келечектеги кесиптик жолун ишенимдүү аныктоого чоң өбөлгө түзөт. Сапаттуу билим жана туура тандалган кесип — ийгиликтүү келечектин негизги пайдубалы.