1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 дня назад

34

Практикант студенттерге методикалык-педагогикалык коштоо

 Манас шаарындагы Р. Санатбаев атындагы №9 жалпы билим берүүчү орто мектебинде физика-математикалык билим берүү багытынын математика профилинде күндүзгү бөлүмдө окуган ФМББ(М)-1-23 тайпасынын кесиптик-базалык практикада жана ФМББ(М)-1-22 тайпасынын кесиптик-профилдик практикада жүргөн студенттерине 2026-жылдын 23-февралында методикалык-педагогикалык коштоо жүргүзүлдү. Аталган иш “Математика жана математикалык моделдештирүү” кафедрасынын доценти А. Ураимхалилова жана улук окутуучу М. Ш. Маткаримова тарабынан уюштурулуп, студенттердин педагогикалык практикасын мазмундуу өткөрүүгө жана алардын кесиптик компетенцияларын калыптандырууга багытталды. Методикалык-педагогикалык коштоонун алкагында практикант-студенттердин сабактарына методикалык байкоо жүргүзүлүп, педагогикалык талдоо жасалды. Бул максатта ФМББ(М)-1-22 тайпасынын студенти М. Каюмованын сабагына катышуу уюштурулду. Сабакка практикадан өтүп жаткан 3-курстун студенттери да тартылып, алар үчүн сабакты байкоо, методикалык талдоо жүргүзүү жана жыйынтыктоо аркылуу кесиптик тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк түзүлдү. Сабакка комплекстүү педагогикалык талдоо жүргүзүлүп, сабактын максатынын так коюлушу, мазмунунун программалык талаптарга шайкештиги, структурасынын логикалык ырааттуулугу, колдонулган окутуу ыкмаларынын натыйжалуулугу, дидактикалык материалдардын тандалышы жана колдонулушу, ошондой эле окуучулардын сабакка катышуу активдүүлүгү бааланды.