1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 дня назад

23

КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАНЫ ӨТӨП ЖАТКАН СТУДЕНТТЕРГЕ МЕТОДИКАЛЫК КЕҢЕШТЕР БЕРИЛДИ

2026-жылдын 23-февралында "Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети" илимий-билим  берүү өндүрүштүк комплексинин Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын доценти педагогика илимдеринин кандидаты Ураимхалилова А. жана ага окутуучу Маткаримова М.Ш. Манас шаарындагы Б. Асанов атындагы №9 жалпы орто билим берүүчү мектеби, №9 Р.Санатбаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин жана №30 Фуркат атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде кесиптик-профилдик практикага бөлүнгөн студенттер менен жолугушуу өткөрүшүп, методикалык кеңештерин беришти. Методикалык кеңеш берүү учурунда болочок мугалимдерге сабактын иштелмесин талапка ылайык даярдоо, окутуунун заманбап ыкмаларын колдонуу, сабакты пландоо жана классты башкаруу боюнча практикалык сунуштар берилди. Ошондой эле окуучулар менен тарбиялык жана сабактан тышкаркы иштерди уюштуруунун мааниси баса белгиленип, ар кандай иш-чараларды өткөрүүнүн жолдору талкууланды. Мындай методикалык колдоо студенттердин практикалык даярдыгын жогорулатууга, мугалимдик кесипке болгон жоопкерчилигин арттырууга жана келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө бекем негиз түзүүгө багытталган.