1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 дня назад

28

МАТЕМАТИКАЛЫК АНАЛИЗ ДИСЦИПЛИНАСЫНАН АЧЫК САБАК ӨТҮЛДҮ

2026-жылдын 11-январында "Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э. Уметов атындагы педагогикалык институттун “Математика жана математикалык моделдештирүү” кафедрасынын профессору, физика жана математика илимдеринин доктору К. С. Алыбаев тарабынан ФМББ(М)-1-24 тайпасынын студенттерине “Анык эмес интеграл” темасында ачык сабак өтүлдү.

Сабактын негизги максаты студенттерге анык эмес интеграл түшүнүгүн, анын негизги касиеттерин жана эсептөө ыкмаларын терең түшүндүрүү, ошондой эле алгачкы функцияны табуу боюнча теориялык билимдерин бекемдеп, практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү болду.

Сабактын жүрүшүндө төмөнкү негизги маселелер каралды:

  • алгачкы функция түшүнүгү жана аны табуу ыкмалары;
  • анык эмес интегралдын аныктамасы жана касиеттери;
  • туундунун таблицасына таянып интегралдардын таблицасын түзүү;
  • анык эмес интегралды табуунун негизги методдору.

Сабак заманбап окутуу технологияларын колдонуу менен жогорку деңгээлде уюштурулду. Электрондук доска аркылуу даяр материалдар көрсөтүлүп, кадимки доскада формулалар этап-этабы менен түшүндүрүлдү.

Ачык сабактын жыйынтыгында студенттердин математикалык анализ боюнча билимдери тереңдеп, интегралдоо ыкмаларын колдонуу жөндөмдөрү калыптанды. Сабак студенттердин аналитикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө, теория менен практиканын байланышын бекемдөөгө жана предметке болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түздү.