1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

4 дня назад

40

МАГИСТРАНТТАР ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ ПРАКТИКАСЫНА БАГЫТТАЛДЫ

“Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Үзгүлтүксүз билим берүү институтунда 550200 «Физика-математикалык билим берүү» багыты боюнча (математика профили, Ммс-1-25 тайпасы) билим алып жаткан магистранттар илимий-изилдөө практикасына жөнөтүлдү.

2025-2026-окуу жылынын академиялык календарына ылайык, практика 2026-жылдын 23-февралынан 21-мартына чейин созулат. Ушуга байланыштуу, 20-февраль күнү «Математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасынын улук окутуучусу М.Н.Нурматова тарабынан онлайн-конференция уюштурулду.

            Конференцияда магистранттарга бул практика илимий-изилдөө иштерин даярдоонун пайдубалы (1-этабы) экенин түшүндүрүлдү. Практика учурундагы ишмердүүлүктү туура жүргүзүү боюнча атайын иштелип чыккан жол картасы тааныштырылды. Практикалык күндөлүктү так толтуруунун тартиби жана жыйынтык отчетту жазуунун талаптары деталдуу түшүндүрүлдү.

Иш-чарага окуу жайдын Карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башкы адиси Н.С. Жолдошалиева, «Математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасынын профессору К.С. Алыбаев жана доцент А. Ураимхалилова катышышты. Конференция суроо-жооп форматында өтүп, магистранттар тарабынан берилген суроолорго активдүү талкуу менен жооп берилди.