1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

6 дней назад

49

21-ФЕВРАЛЬ - ЭЛ АРАЛЫК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮНӨ КАРАТА СҮРӨТ КӨРГӨЗМӨСҮ УЮШТУРУЛДУ

2026-жылдын 20-февралында "Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети" илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексиндеги №48 тескеменин негизинде Э.Уметов атындагы педагогикалык институту тарабынан түзүлгөн иш планына ылайык Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы тарабынан «Эл аралык эне тил күнү» аталышындагы сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.Иш-чаранын максаты — эне тилдин баалуулугун даңазалоо, улуттук маданиятка болгон урмат-сыйды арттыруу жана студенттердин чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү болду. Көргөзмөгө студенттер тарабынан даярдалган мазмундуу, көркөм жана таасирдүү сүрөттөр коюлуп, ар бир эмгекте эне тилге болгон сүйүү, улуттук нарк-насил, тарых жана маданий мурас чагылдырылды.Көргөзмөгө институттун директору ф.и.к., доцент З.С.Калыбекова, окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары, п.и.к. С.Ч.Осмоналиева, Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын башчысы М.К.Бекназарова, профессордук-окутуучулук курам жана студенттер катышты.Катышуучулар көргөзмөдө коюлган иштер менен таанышып, эне тилдин коомдогу орду, анын сакталуусу жана өнүгүшү тууралуу өз ойлору менен бөлүшүштү. Мындай иш-чаралар жаш муундарды улуттук баалуулуктарды урматтоого тарбиялап, эне тилге болгон сүйүүнү бекемдөөгө чоң салым кошору белгиленди.