1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

18

МЕКТЕП БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮНӨ КЕСИПТИК БАГЫТ БЕРҮҮ ИШИ УЛАНТЫЛУУДА

“Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун «Математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы мектеп бүтүрүүчүлөрүн кесип тандоого багыттоо ишин жигердүү улантууда. 2026-жылдын 17-февралында аталган кафедранын улук окутуучусу, ф.-м.и.к. Нурматова М.Н. Сузак районундагы №87 «Келечек» жалпы орто билим берүүчү мектебинин 10–11-класстарынын окуучулары менен жолугушту. Иш-чаранын алкагында төмөнкү маалыматтар берилди: • 550200 «Физика-математикалык билим берүү» багытынын келечеги, билим берүүдөгү өзгөчөлүктөрү жана артыкчылыктары тууралуу кеңири түшүндүрмө берилди. • Бул багыттын бүтүрүүчүлөрү жетишкен ийгиликтер тууралуу айтылып, окуучуларга атайын даярдалган маалыматтык буклеттер таратылды. • Окуучулар кафедранын расмий сайты жана социалдык тармактардагы баракчалары менен тааныштырылды. Өзгөчө белгилей кетчү нерсе: Бул иш-чара аталган мектептин бүтүрүүчүсү, учурда профилдин 3-курсунун студенти жана мектепте кесиптик-базалык практикасын өтөп жаткан Айназик Акжамбилованын көмөгү менен уюштурулду. Окуучулар өз мектебинен билим алып чыккан эжесинин бүгүнкү күндө чыгармачыл, изденген математика мугалими катары сабак берип жатканына күбө болушуп, бул кесипти тандоого чоң шыктануу алышты. Жолугушуунун соңунда суроо-жооп сессиясы уюштурулуп, окуучулар өздөрүн кызыктырган суроолоруна деталдуу жоопторду алышты.