1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

19

МАГИСТРАНТТАРДЫН БАШКАРУУЧУЛУК ПРАКТИКАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

“Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин Үзгүлтүксүз билим берүү институтунун 550200 «Физика-математикалык билим берүү» багытынын (математика профили, Ммс-1-25 тайпасы) магистранттары башкаруучулук практикасын ийгиликтүү аякташты. 2025-2026-окуу жылынын академиялык календарына ылайык, практика 2026-жылдын 26-январынан 7-февралына чейин созулуп, магистранттар тийиштүү отчетторун тапшырышты. Ушуга байланыштуу, 16-февраль күнү «Математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасынын улук окутуучусу М.Н. Нурматова тарабынан жыйынтыктоочу онлайн-конференция уюштурулду. Конференциянын негизги максаты: Практика мезгилиндеги максат-милдеттердин жана «жол картасынын» аткарылышын талдоо, магистранттардын башкаруучулук ишмердүүлүгү боюнча отчетторун угуу. Конференцияда магистранттар А. Максуталиева, Г. Жаныбек кызы, У. Латибова, Э. Кубанычбек кызы жана Э. Токтосунова башкаруу системасынын өзгөчөлүктөрү, билим берүү мекемесинин уюштуруучулук жана социалдык-экономикалык мүнөздөмөлөрү боюнча маалымат беришти. Ошондой эле алар заманбап билим берүү технологияларынын колдонулушу, ЖРТга даярдык жана мектеп олимпиадаларынын көрсөткүчтөрүнө жүргүзүлгөн терең талдоолоруна токтолушту. Магистрант Н. Толошова мектептеги ата-энелер комитети менен иштөөдө жаралган актуалдуу көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору боюнча жүргүзгөн өз алдынча экспериментинин жыйынтыгын баяндады. Ал эми А. Максуталиева окуу процессинде дифференцирленген окутуу технологиясын колдонуу боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү. Ал 6-класстын «Аралаш сандар жана арифметикалык амалдар» темасын өтүүдө окуучуларды деңгээлдерге бөлүп окутуу эң натыйжалуу ыкма экенин жана бул ыкма ар бир баланын сабакка активдүү катышуусун камсыз кылгандыгын далилдеп берди. Жыйынтыгында магистранттар мектептерде заманбап технологиялар кеңири колдонулуп жаткандыгын жана бул практика алардын кесиптик өсүүсүнө чоң салым кошконун белгилешти.