1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

25

ДИСТАНТТЫК ФОРМАТТА ИНТЕРНЕТ-ВИКТОРИНА, ОЛИМПИАДА ЖАНА КОНКУРСТАРГА КАТЫШУУГА ШЫКТАНДЫРУУ БОЮНЧА ОНЛАЙН ВЕБИНАР ӨТКӨРҮЛҮДҮ

2026-жылдын 16-февралында «Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети» илимий-билим берүү-өндүрүштүк комплексинин Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун академиялык календарына ылайык, 550200 «Физика-математикалык билим берүү» багытынын (математика профили) ФМББ(М)-1-22 тайпасынын студенттери үчүн жумуш ордунда окутуунун алкагында онлайн форматында вебинар уюштурулду.Жогоруда аталган тайпа 02.02–14.03.2026-ж. убакыт аралыгында кесиптик-профилдик практикасын өтөп жаткандыктан, 8-семестрде каралган «жумуш ордунда окутуу» планынын негизинде онлайн вебинар Zoom платформасы аркылуу окутуучу Б.Эрматали уулу тарабынан өткөрүлдү.Вебинар «Окуучуларды дистанттык формада интернет-викторина, олимпиада жана конкурстарга катышууга шыктандыруу жана багыттоо» темасына арналды.Вебинардын максатыПрактикант-студенттерди:- окуучуларды санариптик билим берүү чөйрөсүнө тартуунун жолдору менен тааныштыруу;- онлайн олимпиадалардын, викториналардын жана конкурстардын билим сапатын жогорулатуудагы ролун түшүндүрүү;мамлекеттик стандарттын талаптарына ылайык мотивациялык жана өнүктүрүүчү иш-чараларды пландоого багыттоо.Каралган негизги маселелер:• Мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандарты жана 2025-жылы жаңыланган окуу программаларынын алкагында окуучуларды олимпиадалык даярдоону уюштуруу;• Дистанттык билим берүү шартында окуучулардын мотивациясын жогорулатуу ыкмалары;• Интернет-платформалар аркылуу өткөрүлүүчү викторина, олимпиада жана конкурстардын түрлөрү;• Окуучуларды өз алдынча даярданууга багыттоо жана жыйынтыкты баалоо механизмдери.Вебинардын жүрүшүндө тематикалык презентация сунушталып, студенттер арасында талкуу уюштурулду. Практиканттар өздөрүнүн пикирлери менен бөлүшүп, окуучуларды онлайн конкурстарга тартууда кездешкен кыйынчылыктарды белгилешти.