1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

21

КЕСИПТИК-БАЗАЛЫК ПРАКТИКАНЫН АЛКАГЫНДА ОНЛАЙН ВЕБИНАР ӨТКӨРҮЛДҮ

2026-жылдын 7-февралында «Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети» илимий-билим берүү-өндүрүштүк комплексинин Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун академиялык календарына ылайык, 550200 «Физика-математикалык билим берүү» багытынын (математика профили) ФМББ(М)-1-23 тайпасынын студенттери үчүн жумуш ордунда окутууну ишке ашыруу максатында кезектеги окуу иш-чарасы уюштурулду. Аталган тайпа учурда (02.02–07.03.2026) кесиптик-базалык практикасын өтөөдө. Кесиптик-базалык практиканын (6-семестр) жумушчу программасында каралган 48 сааттык «жумуш ордунда окутуу» планынын алкагында, улук окутуучу М. Н. Нурматова тарабынан Zoom платформасы аркылуу онлайн вебинар өткөрүлдү. Вебинар «Календардык-тематикалык пландаштырылган сабактардын план-конспектилерин иштеп чыгуу жана өтүү» темасына арналды. Вебинардын негизги максаты – практиканттардын окуу процессин системалуу пландоосуна көмөктөшүү жана мамлекеттик стандарттын талаптарына ылайык заманбап сабактардын иштелмелерин даярдоону үйрөтүү. Талкуу учурунда студенттер мектеп программасындагы 5Е моделине негизделген сабактарды пландоодогу кыйынчылыктарды белгилешти. Буга байланыштуу вебинарда төмөнкүдөй негизги маселелер каралды: • Мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандарты жана 2025-жылы жаңыланган окуу программалары менен иштөө; • 5Е моделинин түзүмү: Математика сабагынын өзгөчөлүгүнө жараша анын ар бир этабын (Engagement – кызыктыруу, Exploration – изилдөө, Explanation – түшүндүрүү, Elaboration – тереңдетүү, Evaluation – баалоо) туура пландаштыруу; • Календардык-тематикалык пландагы (КТП) темаларды 5Е моделине ылайыктап иштеп чыгуу жана презентациялоо. Иш-чаранын жүрүшүндө тематикалык презентация көрсөтүлүп, студенттер менен жандуу дискуссия уюштурулду. Вебинардын жыйынтыгында студенттердин алган билимин текшерүү максатында «чыгуу билети» усулу колдонулуп, аларга өз алдынча иштөө үчүн тийиштүү тапшырмалар берилди.