1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

6 месяцев назад

129

АДАПТАЦИЯЛЫК ПРАКТИКАНЫН БАГЫТ БЕРҮҮЧҮ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ УЮШТУРУЛДУ

2025–2026-окуу жылынын академиялык календарына ылайык, «Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети» илимий-билим берүү-өндүрүштүк комплексинин Үзгүлтүксүз билим берүү институтунун Мс-1-23 тайпасынын студенттери 2026-жылдын 16-февралынан 7-мартына чейинки аралыкта адаптациялык-педагогикалык практикадан өтүшөт. Ушул максатта 13-февраль күнү «Математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасынын улук окутуучусу М. Нурматова тарабынан Zoom аркылуу багыт берүүчү онлайн конференция уюштурулду. Конференциянын алкагында студенттер адаптациялык практиканы өтөө боюнча тиешелүү буйрук менен таанышып, практиканын максат-милдеттери жана «жол картасы» боюнча кеңири маалымат алышты. Ошондой эле отчеттуулукка талап кылынуучу документтерди даярдоо тартиби боюнча толук түшүндүрмөлөр берилди. Бул иш-чара студенттердин практиканы ийгиликтүү өтөөсүнө багыт берип, алардын жоопкерчилигин бекемдөөгө өбөлгө түздү.