1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

33

Кафедранын сапаттуу билим берүүдөгү жетишкендиги

2025-жылдын 24-декабрындагы № 540 жана 2025-жылдын 11-сентябрындагы № 374 буйруктардын, ошондой эле Академиялык саясат департаментинин № 31 тескемесинин негизинде жана 2025-жылдын сентябрынан 19-декабрына чейин бардык институттарда жана колледждерде окуу сабактарын өткөрүүнүн сапатын баалоо жана аны өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыккан комиссиянын иш жыйынтыктары боюнча Э.Уметов атындагы Педагогикалык институтунун математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы окуу процессин өз деңгээлинде уюштуруп, студенттерге сапаттуу билим берүүдө окутуучуларда методикалык жардам берип аларга шыктануучулук, алга умтулуучулук, новатордук көндүмдөрдү өнүктүрүүдөгү жамааттык биримдигинин күчтүүлүгү үчүн Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы белгиленди.Баалоонун жыйынтыгы боюнча кафедра II орунду ээлеп, II даражадагы диплом менен сыйланды жана атайын каражаттардын эсебинен 15 000 сом өлчөмүндө акчалай сыйлыкка ээ болду.