1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

70

ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУ – ПРАКТИКАЛЫК КӨНДҮМДӨРДҮ КАЛЫПТАНДЫРУУНУН НЕГИЗИ КАТАРЫ

2026-жылдын 10-февралында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э. Уметов атындагы Педагогикалык институтунун ФМББ(М)-1-24 тайпасынын студенттери үчүн кезектеги жумуш ордунда окутуу процесси уюштурулду. Дисциплинанын окутуучусу, ф.-м.и.к. М. Н. Нурматова студенттердин теориялык билимдерин практикада бекемдөө максатында аларды Манас шаарындагы №9 Р. Санатбаев атындагы жалпы билим берүү орто мектебине алып барды. Студенттер мектептин 6-классында өтүлгөн "Координаталык түз сызыктын жардамында сандарды кошуу" аттуу сабакка байкоо жүргүзүштү. Иш-чаранын алкагында студенттер атайын жумушчу барактардын жардамы менен сабактын жүрүшүнө методикалык анализ жүргүзүп, мугалим менен окуучунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жана берилген тапшырмалардын деңгээлдерин деталдуу мүнөздөп чыгышты. Бул процесс келечектеги математик-мугалимдерге реалдуу мектеп чөйрөсүндө иштөө тажрыйбасын топтоого мүмкүндүк берди.