1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

74

ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУ – КЕЛЕЧЕКТЕГИ МУГАЛИМДЕРДИН КЕСИПТИК КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮГҮН КАЛЫПТАНДЫРУУНУН НЕГИЗИ

2026-жылдын 10-февралында “Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э. Уметов атындагы Педагогикалык институтунда маанилүү практикалык иш-чара болуп өттү. 2025-2026-окуу жылынын академиялык календарына ылайык, 550200 Физика-математикалык билим берүү багытынын математика профилинин ФМББ(М)-1-24 тайпасынын студенттери үчүн “Физика-математикалык билим берүүнү (математиканы) окутуунун методикасы” дисциплинасынын жумушчу программасында пландалган жумуш ордунда окутуу жүргүзүлдү. Бул максатта студенттер Манас шаарындагы №9 Р. Санатбаев атындагы жалпы билим берүү орто мектебине барышып, 7 “ж” класста өтүлгөн “Эксперименталдык ыктымалдуулук” аттуу сабакка байкоо жүргүзүштү. Сабак учурунда окуучулардын тыйын менен эксперимент жүргүзүү процессине күбө болушуп, алган теориялык билимдерин практикада көрө алышты. Студенттер атайын даярдалган жумушчу барактардын жардамы менен төмөнкү иш-аракеттерди аткарышты: • Сабактын жүрүшүнө методикалык байкоо жүргүзүп, аны деталдуу мүнөздөштү; • Сабакта берилген тапшырмалардын деңгээлдерин жана натыйжалуулугун аныкташты. Дисциплинанын окутуучусу, ф.-м.и.к. М. Н. Нурматова студенттер менен бирге сабакка катышып, класстагы окуучулардын санынын көптүгүнө карабастан, окуу процессин башкаруунун жолдорун көрсөттү. Ошондой эле, мектеп окуучулары менен иштөөнүн методикалык өзгөчөлүктөрүн жана балдар менен жекече иштөө ыкмаларын студенттерге иш жүзүндө түшүндүрүп берди. Мындай форматтагы окутуу студенттердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга жана мектептеги реалдуу чөйрөгө адаптациялануусуна чоң өбөлгө түзөт.