1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

81

ЖУМУШЧУ ДЕПТЕР – МАТЕМАТИКАЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН ЖОГОРУЛАТУУНУН ЗАМАНБАП КУРАЛЫ

2026-жылдын 10-февралында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э. Уметов атындагы Педагогикалык институтунда маанилүү методикалык семинар болуп өттү. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын окутуучулар курамы катышкан бул иш-чарада 550200 Физика-математикалык билим берүү (Математика профили) багытынын студенттери үчүн иштелип жаткан жаңы окуу куралдары талкууланды. Семинардын жүрүшүндө ф.-м.и.к. М. Нурматова практикалык сабактарды уюштуруунун жаңы форматы менен бөлүштү. Ал “Физика-математикалык билим берүүнү (математиканы) окутуунун методикасы” жана “Математикалык логика” дисциплиналары боюнча атайын даярдалып жаткан жумушчу барактарды тааныштырды. М. Нурматова алардын максатын, милдеттерин жана функцияларын баяндап, сабактын максатына жетүү кадамдары так нускама аркылуу берилгенин, ал эми баалоо критерийлери ар бир студентке көрүнөө жана түшүнүктүү чагылдырылганын белгиледи. Мындай ыкма сабак өтүүнү бир топ ыңгайлуу жана натыйжалуу кылары иш жүзүндө далилденүүдө. Ф.-м.и.д., профессор К. С. Алыбаев “Математикалык анализ” дисциплинасы боюнча лекция өтүүнүн спецификалык өзгөчөлүктөрүнө токтолду. Профессор лекция учурунда жумушчу дептерди колдонуунун дидактикалык талаптарын түшүндүрүп, бул курал студенттердин өз алдынча иштерин жүргүзүүдө жана алардын билимин көзөмөлдөөдө негизги каражат экенин баса белгиледи. Семинар кафедранын профессордук-окутуучулук курамынын кызуу талкуусу менен коштолуп, сунушталган заманбап усулдар келечектеги математиктерди даярдоодо чоң мааниге ээ экендиги айтылды. Иштелип чыккан бул методикалык каражаттар студенттердин сапаттуу билим алуусуна жана окутуучунун ишин жеңилдетүүгө багытталган.