1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

65

КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАНЫН «ЖОЛ КАРТАСЫ» ТАЛКУУЛАНДЫ

«Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети» илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун «Математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы Сузак районундагы №7 Ж. Турусбеков атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин жетекчилиги менен жолугушту. Жолугушуунун негизги максаты – кесиптик-профилдик практиканын алкагында иш берүүчү менен тыгыз байланыш түзүү жана 6 жумага негизделген практиканын «Жол картасын» талкуулоо болду. Мектеп директору Гаипова Уулкан Нурдуновна сунушталган пландын кылдаттыгын жана тактыгын белгилеп, анын практикант үчүн ишти сапаттуу аткарууга багыт берүүчү башкы көрсөткүч экенине токтолду. Өзгөчө сыймыктануу менен белгилей кетчү нерсе, учурда бул мектепте 550200 «Физика-математикалык билим берүү» багытынын (математика профили) бакалавриат жана магистратура программаларынын бүтүрүүчүсү Жумабай кызы Жанаргүл ийгиликтүү эмгектенип келет. Ал эми учурда 4-курстун студенти Асанбай кызы Кенжегүл өзүнүн практикасын дал ушул мектепте өтөөдө. Мектеп жетекчилиги ЖАМУнун математика профилиндеги адистердин кесиптик даярдыгы жогору экенин жана математик катары күчтүү, компетенттүү кадрлар даярдалып жатканын өзгөчө баса белгиледи.