1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

67

ЖАМУ: МЕКТЕП БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮНӨ КЕСИПТИК БАГЫТ БЕРҮҮ – САПАТТУУ БИЛИМДИН КЕПИЛИ

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э. Уметов атындагы педагогикалык институту мектеп бүтүрүүчүлөрүн туура кесип тандоого багыттоо ишин жигердүү улантууда. 2026-жылдын 6-февралында «Математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы Сузак районундагы №7 Ж. Турусбеков атындагы мектептин окуучулары менен жолугушту. Жолугушууга институттун директору, ф.и.к., доц. З. Калыбекова, каф. башчысы М. Бекназарова, п.и.к., доц. А. Ураимхалилова жана ф.-м.и.к., ага окутуучу М. Нурматова катышты. Иш-чаранын алкагында: • 550200 «Физика-математикалык билим берүү» багытынын келечеги жана артыкчылыктары тууралуу кеңири маалымат берилди; • Бул багыттын бүтүрүүчүлөрү жетишкен албан ийгиликтер тууралуу айтылып, маалыматтык буклеттер таратылды; • Окуучуларга кафедранын сайты жана социалдык тармактардагы расмий баракчалары тааныштырылды. Бул кесиптик багыт берүү иш-чарасы мектепте практика өтөп жаткан студенттин демилгеси менен өткөрүлгөн мотивациялык семинардын логикалык уландысы болду. Семинардын жүрүшүндө окуучуларда ЖАМУ жана математика профили боюнча алгачкы оң көз караштар калыптанган соң, университеттин окутуучулар курамы тарабынан берилген маалыматтар бүтүрүүчүлөрдүн заманбап илим жолуна болгон кызыгуусун дагы да арттырды. Педагогикалык институт келечек ээлерин сапаттуу билим алууга чакырат!