1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

55

ӨЗ КЕЛЕЧЕГИҢДИ АЗЫР КУР: ОКУУЧУЛАР ҮЧҮН МОТИВАЦИЯЛЫК СЕМИНАР ӨТКӨРҮЛДҮ

2026-жылдын 6-февралында Сузак районундагы №7 Ж. Турусбеков атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде окуучулардын келечекке болгон көз карашын кеңейтүү максатында «Өз келечегиңди азыр кур» аттуу мотивациялык семинар болуп өттү. Бул иш-чара Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун 550200 «Физика-математикалык билим берүү» багытынын бүтүрүүчү курсунун студенти, учурда аталган мектепте кесиптик-профилдик практикасын өтөп жаткан Асанбай кызы Кенжегүлдүн демилгеси менен уюштурулду. Семинардын негизги темалары: • Ийгиликке жол: Президенттик стипендия, олимпиадалар жана окуудагы тартип (Спикер: А. Тамчиева); • Мүмкүнчүлүктөр: Жаштар үчүн стартаптар жана бизнес-инкубаторлор (Спикер: А. Арзибекова); • Эл аралык тажрыйба: Германияда иштөө программалары жана тил үйрөнүүнүн маанилүүлүгү (Спикер: К. Асанбай кызы). Интерактивдүү форматта өткөн семинарда окуучулар «Ийгиликке жетүү үчүн өзүңдү өзгөртүү маанилүүбү же айлана-чөйрөнүбү?» сыяктуу курч суроолорго жооп издешип, өздөрүнө жаңы максаттарды коюшту. Семинардын өзгөчө учуру – окуунун мыктыларына атайын стипендиялардын тапшырылышы болду. Бул демилге окуучуларды билимге шыктандырып, жаңы ийгиликтерге жол ачты.