1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

124

Илимдеги ийгиликтер

2025-жыл Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы үчүн илимий изденүүлөр, эл аралык тажрыйба алмашуу жана илимдин ар кайсы тармактарында жетишкендиктердин жылы болуп калды десек жаңылышпайбыз. Бул жыл ичинде кафедранын улук окутуучусу Бекназарова Махабат Кудайбердиевна бир нече эл аралык конференцияларга катышып, өзүнүн илимий изилдөөлөрүн презентациялай алды. 1. 2025-жылдын 03-06-сентябрь аралыгында Азербайжан Республикасын Баку шаарында өткөрүлгөн XII International Scientific Conference “Modern Problems of Mathematics and Mechanics” аталышындагы илимий эл аралык конференцияга катышып, “Some properties of remainders of uniform spaces and uniformly continuous mappings” темасында баяндама жасады. 2. 2025-жылдын 03-07-сентябрь аралыгында Турция өлкөсүнүн Стамбул шаарында жайгашкан Малтепе университетинде өткөрүлгөн “9th INTERNATIONAL CONFERENCE OF MATHEMATICAL SCIENCES (ICMS 2025)” аталышындагы илимий эл аралык конференцияга катышып, “About Pre-Lindelof Mappings” темасында баяндама жасады. 3. 2025-жылдын 43-07-сентябрь аралыгында Түндүк Македония өлкөсүнүн Охрид шаарында өткөрүлгөн “TOPOLOGY, ANALYSIS and APPLICATIONS (TAA 2025)” аталышындагы илимий эл аралык конференцияга катышып, “About compactness type of uniform spaces and uniformly continuous mappings” темасында баяндама жасады. Бул эл аралык илимий конференцияларга катышуу кафедра үчүн дүйнө жүзүндөгү изилдөөчүлөр менен байланыш түзүү мүмкүнчүлүгүн берди. Ошондой эле эл аралык байланыштарды кеңейтүү үчүн маанилүү мүмкүнчүлүк болуп калды.