1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

63

ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУ ИШКЕ АШЫРЫЛУУДА

2026-жылдын 4-февралында “Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун академиялык календарына ылайык, маанилүү окуу иш-чарасы өттү. 550200 «Физика-математикалык билим берүү» (математика профили) багытынын ФМББ(М)-1-24 тайпасынын студенттери үчүн “Физика-математикалык билим берүүнү (математиканы) окутуунун методикасы” дисциплинасы боюнча практикалык сааттарды жумуш ордунда өткөрүү уюштурулду. Бул максатта Манас шаарындагы №9 Раатбек Санатбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин 8-б классында “Математика жана математикалык моделдештирүү” кафедрасынын улук окутуучу М.Н. Нурматова тарабынан “Бөлчөктөн алынган квадраттык тамыр” темасында ачык сабак өткөрүлдү. Сабактын жүрүшү жана колдонулган методдор: - Сабакта заманбап презентация колдонулуп, окуучулардын теманы визуалдык кабыл алуусуна жана материалды терең өздөштүрүүсүнө шарт түзүлдү. - Окуучулардын өтүлгөн темалар боюнча билимин жандандыруу максатында сканворд жана “Жеңишке жетүү” интерактивдүү оюндары натыйжалуу пайдаланылды. - Сабактын максаттары окуучуларга так кулактандырылып, окуу иш-аракеттери атайын иштелип чыккан алгоритмдик кадамдар менен ишке ашырылды. - Окуучулардын түшүнүү деңгээлин текшерүү жана кайтарым байланыш орнотуу үчүн “чыгуу билети” жана “түшүнүүнүн жаңылыштыгын текшерүү” сыяктуу заманбап техникалар колдонулду. - Окуучулар сабактын максаттарына кайрылуу менен, өздөрүнүн иш-аракеттерине анализ жүргүзүп, тиешелүү жыйынтыктарды чыгарышты. - Окуучулардын жетишкендиктери алдын ала иштелип чыккан баалоо критерийлерине ылайык, аткарылган иш-аракеттердин негизинде объективдүү бааланды. ФМББ(М)-1-24 тайпасынын студенттери сабакка байкоо жүргүзүү менен атайын түзүлгөн шилтеме аркылуу баа беришти жана төмөнкү документтерди толтурушту: 1. Сабакты байкоо жүргүзүү баракчасы: Окутуунун жүрүшүнө анализ жүргүзүлдү. 2. Үч бөлүктүү күндөлүк: Колдонулган каражаттар менен методдордун натыйжалуулугу чагылдырылды. 3. Жумушчу дептер: Тандалган методдордун максатка жетүүсүн негиздөөчү кадамдар баяндалды. Эки саатка созулган практикалык иш-аракеттер алдын ала иштелип чыккан критерийлерге ылайык бааланды.