1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

30

КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАНЫН АЛКАГЫНДА ОНЛАЙН ВЕБИНАР БОЛУП ӨТТҮ

2026-жылдын 3-февралында “Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун академиялык календарына ылайык, 550200 «Физика-математикалык билим берүү» багытынын (математика профили) ФМББ(М)-1-22 тайпасынын студенттери үчүн кезектеги окуу иш-чарасы уюштурулду. Аталган тайпа учурда (2.02–7.03 аралыгында) кесиптик-профилдик практикасын өтөп жатышат. Кесиптик-профилдик практиканын (8-семестрдин) жумушчу программасына ылайык, практиканын мазмунунда 48 саат «жумуш ордунда окутуу» каралган. Анын планында «Календарлык-тематикалык пландагы сабактардын план-конспектилерин иштеп чыгуу жана сабак өтүү кадамдарын талдоо» темасында улук окутуучу М. Н. Нурматова онлайн вебинар өттү. Бардык практиканттардын толук катышуусун камсыздоо максатында вебинар Zoom платформасы аркылуу уюштурулду. Вебинардын негизги мазмуну жана максаты: Бул окутуунун мазмуну 7-семестрдеги кесиптик-профилдик практиканын жыйынтыгында аныкталган көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган. Студенттер мектептерде 5Е моделине негизделген сабактарды пландоодо бир топ кыйынчылыктарга туш болгондугу байкалган. Аталган маселе «Математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасынын 20-январдагы кезектеги жыйынында каралып, 5Е модели боюнча методикалык колдоо көрсөтүү жана сабактарды пландоо ишмердүүлүгү окутуучу М. Н. Нурматовага жүктөлгөн. Ошол максатта бул жолку окутууда төмөнкү маселелерге өзгөчө көңүл бурулду: • 5Е моделинин структурасы: Сабактын ар бир этабын (Engagement, Exploration, Explanation, Elaboration, Evaluation) математика сабагынын өзгөчөлүгүнө жараша пландаштыруу; • Стандарттарды интеграциялоо: Мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандарты жана 2025-жылы жаңыланган окуу программалары менен иштөө; • Практикалык колдонуу: Календарлык-тематикалык пландагы (КТП) темаларды 5Е моделине ылайыктап пландоо жана презентациялоо. Вебинардын жүрүшүндө презентация көрсөтүлүп, студенттер менен жандуу дискуссия уюштурулду. Иш-чаранын жыйынтыгында практиканттардын алган билимин текшерүү максатында «чыгуу билети» усулу колдонулуп, аларга өз алдынча иштөө үчүн тийиштүү тапшырмалар берилди.