1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

42

СТУДЕНТТИК ИЛИМИЙ ИЗДЕНҮҮЛӨРДҮН УЛАНТЫЛЫШЫ

2026-жылдын 3-февралында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин «Фундаменталдык, колдонмо изилдөөлөр жана инновациялык технологиялар илим-изилдөө институтунун» алкагында кезектеги илимий талкуу болуп өттү. Иш-чара «Асимптотикалык, компьютердик, топологиялык методдор жана математиканы окутуунун технологиялары» лабораториясынын базасында уюштурулуп, ага лаборатория жетекчиси жана мүчөлөр катышты. Семинардын жүрүшүндө ФМББ(М)-1-22 тайпасынын студенти, лабораториянын мүчөсү Асанбай кызы Кенжегүл өзүнүн илимий изилдөөсүнүн жыйынтыктары менен бөлүштү. Баяндаманын темасы: «Түрдүү эселүү нөлдөргө ээ болгон сингулярдык козголгон теңдемелердин чечимдеринин асимптотикасы». Баяндамачы өз изилдөөсүндө төмөнкү маанилүү маселелерди чечмелеп берди: • Изилдөө багыты: Түрдүү эселүү нөлдөргө ээ болгон теңдемелердин өзгөчөлүктөрү жана алардын математикалык моделдери; • Асимптотикалык методдор: Чечимдердин асимптотикалык жүрүм-турумун түзүүнүн негизги жолдору жана этаптары; • Актуалдуулугу: Сингулярдык козголгон теңдемелерди чыгарууда эселүү нөлдөрдүн тийгизген таасири жана анын илимий-практикалык мааниси. Баяндама кызуу талкуу менен коштолуп, катышуучулар тарабынан суроолор берилди. Лаборатория жетекчиси, физика-математика илимдеринин доктору, профессор К. С. Алыбаев изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча өз пикирин билдирип, илимий ишти андан ары тереңдетүү жана өнүктүрүү багыттары боюнча баалуу сунуштарын берди.