1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

44

ЛАБОРАТОРИЯНЫН КЕЗЕКТЕГИ СТУДЕНТТИК СЕМИНАРЫ БОЛУП ӨТТҮ

2026-жылдын 3-февралында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин «Фундаменталдык, колдонмо изилдөөлөр жана инновациялык технологиялар илим-изилдөө институтунун» алкагында кезектеги илимий талкуу уюштурулду. Семинар «Асимптотикалык, компьютердик, топологиялык методдор жана математиканы окутуунун технологиялары» лабораториясынын базасында өткөрүлүп, ага лаборатория жетекчиси жана мүчөлөрү катышты. Илимий жыйында ФМББ(М)-1-22 тайпасынын студенти, лабораториянын мүчөсү Тамчиева Айназик төмөнкү темада баяндама жасады: «Логарифмалык полюстарга ээ болгон сингулярдык козголгон теңдемелерди изилдөө» Докладчы өз сөзүндө төмөнкү маанилүү аспектилерге токтолду: • Изилдөө объектиси: Сингулярдык козголгон теңдемелердин өзгөчөлүктөрү; • Тарыхый негиздер: Бул багыттын илимдеги өнүгүү жолу жана негизги этаптары; • Маселенин коюлушу: Учурдагы изилдөөнүн максаты, милдеттери жана илимий гипотезалар. Баяндамадан кийин катышуучулар тарабынан суроолор берилип, теманын актуалдуулугу жана математикалык методдорду колдонуунун өзгөчөлүктөрү боюнча кызуу талкуу жүрдү. Лаборатория башчысы, физика-математика илимдеринин доктору, профессор К. С. Алыбаев Тамчиева Айназиктин баяндамасындагы өзгөчө көңүл бура турган учурларды белгилеп, изилдөө ишин андан ары тереңдетүү боюнча баалуу сунуштарын берди.