1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

84

ТЕСТТИК ТАПШЫРМАЛАРДЫН САПАТЫ — БИЛИМДИ БААЛООНУН НЕГИЗИ

2026-жылдын 2-февралында саат 15:00дө “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун 408-аудиториясында институттун Сапат кеңеши тарабынан «Сапаттуу түзүлгөн тесттик тапшырмалар – окутуунун натыйжалуулугун баалоо куралы катары» деген темада усулдук семинар өткөрүлдү. Бул иш-чаранын негизги максаты – Лицензиялоо, аккредитациялоо жана билим берүүнүн сапаты бөлүмү тарабынан студенттердин калдык билимин текшерүү максатында жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгына таянуу менен билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, окутуучулардын тест түзүү боюнча усулдук даярдыгын жогорулатуу жана баалоонун объективдүүлүгүн камсыздоо болуп саналат.
Семинарга институттун профессордук-окутуучулук жамааты катышып, ЖАМУнун «Модулдарды жана сынактарды алуу үчүн тесттик тапшырмаларды түзүү боюнча жобосуна» ылайык бир катар маанилүү маселелер каралды. Иш-чаранын жүрүшүндө тесттик тапшырмалардын түзүлүшүнө, анын кыска жана түшүнүктүү болушуна, ошондой эле студенттин ой жүгүртүүсүнө жана эстеп калуу жөндөмүнө багытталышына өзгөчө көңүл бурулду. Ар бир тесттик тапшырма кеминде төрт жооптун вариантынан туруп, аткарууга 2-3 мүнөт убакыт бөлүнүшү керектиги белгиленди. Мындан тышкары, ар бир дисциплина боюнча тесттер беш форманы (жабык, ачык, дал келүүчүлүктү аныктоо, ырааттуулукту белгилөө жана графикалык тапшырмалар) камтышы керектиги боюнча практикалык мисалдар көрсөтүлүп, аларды 37-программага (AVN системасы) киргизүү өзгөчөлүктөрү түшүндүрүлдү.
Семинардын жыйынтыктоочу этабында катышуучулар менен кызуу талкуу жүрүп, окутуучулар тарабынан маанилүү сунуштар айтылды. Тактап айтканда, тесттерде логикалык жана аналитикалык суроолордун үлүшүн көбөйтүү, предметтердин өзгөчөлүгүнө жараша сүрөттөрдү жана схемаларды кеңири колдонуу зарылдыгы белгиленди. Жыйынтыгында катышуучулар семинардын актуалдуулугун жогору баалашып, бул багыттагы иштерди системалуу түрдө улантууну макулдашты.
2026-жылдын 2-февралында саат 15:00дө “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун 408-аудиториясында институттун Сапат кеңеши тарабынан «Сапаттуу түзүлгөн тесттик тапшырмалар – окутуунун натыйжалуулугун баалоо куралы катары» деген темада усулдук семинар өткөрүлдү. Бул иш-чаранын негизги максаты – Лицензиялоо, аккредитациялоо жана билим берүүнүн сапаты бөлүмү тарабынан студенттердин калдык билимин текшерүү максатында жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгына таянуу менен билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, окутуучулардын тест түзүү боюнча усулдук даярдыгын жогорулатуу жана баалоонун объективдүүлүгүн камсыздоо болуп саналат. Семинарга институттун профессордук-окутуучулук жамааты катышып, ЖАМУнун «Модулдарды жана сынактарды алуу үчүн тесттик тапшырмаларды түзүү боюнча жобосуна» ылайык бир катар маанилүү маселелер каралды. Иш-чаранын жүрүшүндө тесттик тапшырмалардын түзүлүшүнө, анын кыска жана түшүнүктүү болушуна, ошондой эле студенттин ой жүгүртүүсүнө жана эстеп калуу жөндөмүнө багытталышына өзгөчө көңүл бурулду. Ар бир тесттик тапшырма кеминде төрт жооптун вариантынан туруп, аткарууга 2-3 мүнөт убакыт бөлүнүшү керектиги белгиленди. Мындан тышкары, ар бир дисциплина боюнча тесттер беш форманы (жабык, ачык, дал келүүчүлүктү аныктоо, ырааттуулукту белгилөө жана графикалык тапшырмалар) камтышы керектиги боюнча практикалык мисалдар көрсөтүлүп, аларды 37-программага (AVN системасы) киргизүү өзгөчөлүктөрү түшүндүрүлдү. Семинардын жыйынтыктоочу этабында катышуучулар менен кызуу талкуу жүрүп, окутуучулар тарабынан маанилүү сунуштар айтылды. Тактап айтканда, тесттерде логикалык жана аналитикалык суроолордун үлүшүн көбөйтүү, предметтердин өзгөчөлүгүнө жараша сүрөттөрдү жана схемаларды кеңири колдонуу зарылдыгы белгиленди. Жыйынтыгында катышуучулар семинардын актуалдуулугун жогору баалашып, бул багыттагы иштерди системалуу түрдө улантууну макулдашты.