1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

64

ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУ ИШКЕ АШЫРЫЛУУДА

“Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э. Уметов атындагы Педагогикалык институтунда 550200 «Физика-математикалык билим берүү» (математика профили) багытынын 2-курсунун студенттери үчүн жумуш ордунда окутуу ишке ашырылды. 2025-2026-окуу жылынын II жарым жылдыгынын жумушчу программасына ылайык, «Физика-математикалык билим берүүнү (математиканы) окутуунун методикасы» дисциплинасынын алкагында ФМББ(М)-1-24 тайпасынын студенттери Манас шаарындагы №9 Раатбек Санатбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебине барышты. Иш-чаранын жүрүшүндө: • Студенттер математика жана алгебра сабактарына катышып, окуу процессине түздөн-түз байкоо жүргүзүштү. • Дисциплинанын жумушчу дептериндеги нускамаларга ылайык, мугалим тарабынан колдонулган методдорго анализ жасалды. • Окуучулардын математикалык туюнтмалардын маанилерин табуудагы иш-аракеттерине жана тапшырмаларды аткарууда жаралган көйгөйлөргө байкоо жүргүзүлүп, тиешелүү жазуу иштери аткарылды. Бул иш-чара студенттердин теориялык билимдерин практика менен айкалыштырууга жана болочок кесибинин өзгөчөлүктөрүн терең үйрөнүүгө шарт түздү.