1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

69

КЕСИПТИК-БАЗАЛЫК ПРАКТИКА БОЮНЧА БАГЫТ БЕРҮҮЧҮ КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТКӨРҮЛДҮ 

“Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э. Уметов атындагы Педагогикалык институтунда 550200 «Физика-математикалык билим берүү» багытынын математика профилинин 3-курсунун студенттери үчүн 2026-жылдын 30-январында багыт берүүчү конференция болуп өттү. 2025-2026-окуу жылынын академиялык календарына ылайык, ФМББ(М)-1-23 тайпасынын студенттери 2026-жылдын 2-февралынан 7-мартына чейин кесиптик-базалык практикасын өтүшөт. Иш-чаранын уюштуруучусу, кафедранын улук окутуучусу М. Нурматова практиканын максат-милдеттерин белгилеп, практиканын жүрүшүн «жол картасына» ылайык алып баруу, күндөлүктү толтуруу тартиби жана баалоо критерийлери боюнча кеңири маалымат берди. Ошондой эле кафедранын методисттери тарабынан ишке ашырылуучу «жумуш ордунда окутуу» планы тааныштырылып, «практиканттын бурчундагы» керектүү документтерди пайдалануу боюнча багыттар берилди. Конференцияга Карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, т.и.к., доцент Ж. Б. Шамиев жана кафедранын практика жетекчилери катышты. Ж. Шамиев студенттерди практика учурунда жоопкерчиликтүү болууга чакырып, методикалык сунуштарын берди. Конференция суроо-жооп иретинде жыйынтыкталды.