1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

54

ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨЧҮЛҮК ПРАКТИКАГА БАГЫТ БЕРҮҮЧҮ КОНФЕРЕНЦИЯ ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТКӨРҮЛДҮ

2026-жылдын 29-январында “Б. Осмонов атындагы ЖАМУ” илимий-билим берүү-өндүрүштүк комплексинин Үзгүлтүксүз билим берүү институтунун 550200 «Физика-математикалык билим берүү» багытынын математика профили боюнча билим алып жаткан Ммс-1-24 тайпасынын магистранттары үчүн илимий-изилдөө практикасына багыт берүүчү конференция болуп өттү. Иш-чара математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын улук окутуучусу М. Н. Нурматова тарабынан Zoom платформасы аркылуу онлайн форматта уюштурулуп, ийгиликтүү ишке ашырылды. Конференциянын алкагында магистранттарга практиканын максаты, милдеттери, «жол картасы» жана күндөлүк толтуруунун тартиби боюнча кеңири маалымат берилди. Магистранттар окуу процессинин алкагында жалпы үч жолу илимий-изилдөө практикасынан өтүшөрү, ал эми бул жолку (экинчи) практиканын өзүнө тиешелүү өзгөчөлүктөрү жана коюлган талаптары өзүнчө белгиленип өттү. Конференцияга катышкан илимий жетекчилер магистранттардын кызыктырган суроолоруна жооп беришип, практиканы эффективдүү өткөрүү боюнча баалуу кеңештери жана сунуштары менен бөлүшүштү. Иш-чара конструктивдүү маанайда өтүп, магистранттарга алдыдагы илимий-изилдөө иштерин сапаттуу уюштуруу үчүн так багыт берди.