1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

74

МАГИСТРАНТТАР БАШКАРУУЧУЛУК ПРАКТИКАГА БАГЫТТАЛДЫ

“Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Үзгүлтүксүз билим берүү институтунун 550200 «Физика-математикалык билим берүү» багытынын (математика профили, Ммс-1-25 тайпасы) магистранттары башкаруучулук практикага жөнөтүлдү.

2025-2026-окуу жылынын академиялык календарына ылайык, практика 2026-жылдын 26-январынан 7-февралына чейин уланмакчы. Буга байланыштуу, 23-январь күнү «Математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасынын улук окутуучусу М.Н. Нурматова тарабынан онлайн-конференция уюштурулду.

Конференциянын негизги багыттары:

  • Максат жана милдеттер: Магистранттарга башкаруучулук практиканын мааниси жана алдыдагы пландар боюнча кеңири маалымат берилди.
  • Жол картасы: Практиканы натыйжалуу өтөөгө көмөктөшүүчү иш-аракеттердин планы тааныштырылды.
  • Документтештирүү: Практика учурундагы иш-чараларды күндөлүккө туура жана так толтуруунун тартиби, ошондой эле отчет жазуу жолдору деталдуу түшүндүрүлдү.

Иш-чарага окуу жайдын Карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башкы адиси Н.С. Жолдошалиева жана «Математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасынын башчысы М.К. Бекназарова катышышты. Конференция суроо-жооп форматында активдүү талкуу менен коштолду.