1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

22

ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР, МЕКТЕП МУГАЛИМДЕРИ ЖАНА БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН СОЦИАЛДЫК ӨНӨКТӨШТҮК ЖОЛУГУШУУСУ 

2025-2026-окуу жылынын 24-декабрь күнү Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э.Уметов атындагы Педагогикалык институту тарабынан уюштурулган «Иш берүүчүлөр, мектеп мугалимдери жана бүтүрүүчүлөр менен социалдык өнөктөштүк жолугушуусу» аталышындагы иш-чарага болуп өттү.  Иш – чаранын экинчи бөлүмүндө Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын эмгек жамааты чакырылган иш берүүчүлөр, бүтүрүүчүлөр менен секциялык ишин улантышты. Секциялык иштин жүрүшүндө билим берүү программасы, окуу пландары жана практика, дуалдык окутуу жана педагогикалык практика маселелери, кызматташтыкты өнүктүрүү, жумушка орношуу, стажировка маселелер боюнча кызуу талкуу болуп, иш берүүчүлөр өздөрүнүн сунуштары, ойлору менен бөлүшүштү.  Бул иш – чара билим берүү программаларын эмгек рыногунун талаптарына ылайыкташтырууга, болочок педагогдордун кесиптик даярдыгын жогорулатууга жана ЖОЖ, мектеп жана иш берүүчүлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого негиз боло алат.