1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

23

КЕСИПТИК-БАЗАЛЫК ПРАКТИКА ИЙГИЛИКТҮҮ АЯКТАДЫ

2025-жылдын 22-декабрында “Б. Осмонов атындагы ЖАМУ” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Үзгүлтүксүз билим берүү институтунда кесиптик-базалык практиканын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Иш-чара 550200 «Физика-математикалык билим берүү» багытынын математика профили боюнча билим алып жаткан Мс-1-22 тайпасынын студенттеринин 2025-жылдын 10-ноябрынан 13-декабрына чейинки аралыкта өтөгөн практикасынын жыйынтыгына арналды. Конференцияны практиканы уюштурууга жооптуу, «Математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасынын улук окутуучусу М.Н. Нурматова уюштуруп, өткөрдү. Конференциянын жүрүшүндө студенттер атайын бекитилген «жол картасына» ылайык аткарган иштери боюнча кеңири маалымат беришти. Практиканттардын курамы өзгөчөлүгү менен айырмаланды: алардын арасында мектептерде 2 жылдан ашык эмгектенип, педагогикалык тажрыйбага ээ болгондор бар. Атап айтканда, буга чейин математик, биолог же башталгыч класстын мугалими катары иштеп келген, бирок бул жолу математик катары практика өтөгөн студенттер өз тажрыйбаларындагы өзгөчөлүктөр, кезиккен методикалык кыйынчылыктар жана жаңы жетишкендиктер тууралуу кызыктуу маалыматтар менен бөлүшүштү. Өзгөчө белгилей кетчү жагдай, студенттердин мектептеги окуу-тарбия иштерине активдүү катышкандыгы жогору бааланып, Абдумуталиб уулу Абдусалом Базар-Коргон районундагы №34 Ю. Исламов атындагы мектептин жетекчилиги тарабынан Ардак грамота менен сыйланды. Ошондой эле, аталган билим берүү мекемеси тарабынан кафедранын дарегине ыраазычылык кат жолдонду. Конференция келечектеги адистер үчүн тажрыйба алмашуунун жана кесиптик деңгээлди жогорулатуунун натыйжалуу аянтчасына айланды.