1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

24

ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ ПРАКТИКАСЫ ИЙГИЛИКТҮҮ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

“Б. Осмонов атындагы ЖАМУ” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э. Уметов атындагы Педагогикалык институтунда магистранттардын илимий-изилдөө практикасы ийгиликтүү аяктады. Буга байланыштуу 23-декабрь күнү «Математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасында ФМББ(М)маг-1-24 тайпасынын магистранттары үчүн жыйынтыктоочу конференция Нурматова М.Н. тарабынан уюштурулду. Конференцияда 2025-жылдын 17-ноябрынан 13-декабрына чейинки аралыкта өтөлгөн практиканын жыйынтыктары каралды. Иш-чаранын максат-милдеттерине ылайык, ар бир магистрант практика учурунда аткарган иштери, илимий изденүүлөрү жана жетишкендиктери тууралуу кеңири баяндама жасашты. Магистранттардын отчеттору атайын иштелип чыккан күндөлүккө негизделип, алардын илимий-изилдөө ишмердүүлүгүнө кыскача мүнөздөмө берилди. Атап айтканда, практика мезгилинде жарык көргөн илимий макалалар, илимий-практикалык конференцияларда жасалган баяндамалар, жүргүзүлгөн эксперименттер жана алардын натыйжалары тууралуу кызыктуу маалыматтар айтылды. Конференцияга магистранттардын илимий жетекчилери да катышып, изилдөө иштерин андан ары өркүндөтүү жана ишмердүүлүктү жакшыртуу боюнча баалуу кеңештерин беришти.