1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

19

БИЗДИН ЖАШОО СТАБИЛДҮҮБҮ? ӨМҮР БОЮ БИЛИМ АЛУУ – ЗАМАНДЫН ТАЛАБЫ

2025-жылдын 19-декабрында “Б. Осмонов атындагы ЖАМУ” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э. Уметов атындагы педагогикалык факультетинде 2-курстун студенттери үчүн келечектин чакырыктарына багыт берген интерактивдүү лекция болуп өттү.

«Математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасынын улук окутуучусу М. Н. Нурматова ФМББ(М)-1-24 тайпасына «Биздин жашоо стабилдүүбү?» деген темада эки сааттык тарбиялык мазмундагы лекция өттү. Сабактын негизги максаты – студенттердин жеке өнүгүүсүнө дем берүү жана заманбап дүйнөнүн баалуулуктарын кайрадан аңдап билүүгө шарт түзүү.

Сабактын киришүү бөлүгүндө студенттер өз күтүүлөрүн тизмектеп, жашоонун туруктуулугу тууралуу кызуу талкууга киришти. Жеке жана жуптарда иштөөдө студенттер бүгүнкү күндүн реалдуулугун талдап жатып, «жашоо туруксуз» деген бирдиктүү жана негиздүү корутундуга келишти. Бул пикир алардын өзгөрмөлүү заманга болгон реалисттик көз карашын айгинеледи.

Талкууну визуалдык маалымат менен бекемдөө үчүн атайын видеоролик сунушталды. Анда азыркы доордо абсолюттук стабилдүүлүк жок экени, бирок ошол эле учурда келечектеги ийгиликтин кепилдиги болгон «Top 10» жумшак көндүмдөр  жана «өмүр бою билим алуу» принциби тууралуу кеңири түшүнүк берилди. Бул маалымат студенттерди «бир өмүргө — бир кесип» деген эскирген түшүнүктөн арылып, профессионалдык ийкемдүүлүккө багыт алууга чакырды.

Лекциянын экинчи бөлүгүндө глобалдык өзгөрүүлөр шартында билим берүү системасын жаңылоо муктаждыктарына багытталган текст менен иш алып барышты. Студенттер «Инсерт» технологиясын чеберчилик менен колдонуп, текстти терең талдап, заманбап билим берүүнүн трансформациясы боюнча жеке позицияларын калыптандырышты. Бул алардын болочок педагог катары сын көз карашын өстүрүүгө өбөлгө түздү.

Сабактын соңунда студенттер баштапкы күтүүлөрү менен алган билимдерин салыштырып, рефлексия жүргүзүштү. Катышуучулардын кайтарым байланышы абдан жогору болуп, бул маанилүү теманын логикалык уландысы кийинки семестрде дагы кеңири талкуулана тургандыгы белгиленди.

Бул иш-чара студенттерге глобалдык чакырыктарга даяр болууга, жеке өнүгүү стратегиясын туура түзүүгө жана кесиптик жолунда универсалдуу адис болууга чоң мотивация берди.